ЖЫЛ СҮРҮҮ
Энциклопедия "Манас". ч.1.ЖЫЛ СҮРҮҮ — мүчөлдүн жылдары боюнча кишинин канча жашта экендигин, кайсы жылы туулгандыгын, белгилүү бир окуянын качан болгондугун аныктоо, эсептөө. Жылдар айбанаттардын аты менен аталып, акыркысы бүткөндөн кийин кайра баштан эсептеле берет жана он экиси бир мүчөлдү түзөт. Ж. с. төмөнкү тартипте эсептелет: 1) чычкан, 2) уй, 3) барс, 4) коён, 5) улуу, 6) жылан, 7) жылкы, 8) кой, 9) мечин, 10) тоок, 11) ит, 12) доңуз. Ж. с. түрк элдеринде 6—8-кылымда эле белгилүү болгон. Эпосто Семетей он экиге чыкканда Таласка келип, Бакайга жолугат. Өзүнүн Семетей экендигин билгизбей аны сынап турганда Бакай жылды эсептеп Семетейдин келер жылы быйыл экендигин, аны күтүп жүргөндүгүн айтат:
Жыл эсебин алайын, Эми жылды катка салайын, Ал эле чычкан, ал эле уй, Ал эле жылкы, а да барс Ал эле коён, ал жылан, Ал эле тоок, ал улуу, Ал эле мечин, а да кой, Ал эле доңуз, ал эле ит, Айкөлдөн калган кулунум, Өлбөй жүрсө Семетей Быйыл он экиге толгон кез (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 230).
Ж. с. кыргыздарда байыртадан эле колдонулгандыгын баамдоого болот, к. Мүчөл.
Ы. Кадыров